Кремль Азербайжанда орусиялык журналисттердин кармалышы боюнча комментарий берди

Москва Бакуда орусиялык журналисттердин кармалышы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков 1-июлдагы брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Орусия Азербайжан менен жакын арада журанлисттерди бошотуу боюнча макулдашууга жетишет. Ал мындай чаралар жалпы кабыл алынган нормаларга жана эрежелерге таптакыр туура келбей турганын баса белгиледи.

"Мындай аракеттер орус-азербайжан мамилелеринин рухуна жана табиятына карама-каршы келет. Биз бул экстремалдык эмоционалдык реакция түз баарлашууга алмашат деп ишенебиз, анын жүрүшүндө бардык суроолорго жооп берилет",- деди Песков.

Белгилей кетсек, Бакуда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин эки журналистин күч түзүмдөрү кармап кеткендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан