"Кумтөр" кенинде 331 тонна алтын бар экени болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн отурумунда "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кылычбек Шакиров билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 31-декабрына карата кенде алтындын запастары 190 тонна, ачык жол менен өндүрүлчү 87 тонна жана жер астынан өндүрүлчү 1,68 тонна алтын бар деп бекитилген. "Мындан тышкары ачык ыкма менен 4 тонна, жер астынан өндүрүү ыкмасы менен 47 тонна алтын табылат деп болжолдонууда. Ошентип, "Кумтөрдө" болжол менен жалпысынан дагы 311 тонна алтын бар",- деди Шакиров.