Бүгүн, 17-апрелде №52-мектепте Ош шаарындагы бардык мектептердин эң мыкты окуган бүтүрүүчү класстын 150 окуучусу менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов жолугушту. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, жолугушууда өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер окуучуларга алдыдагы сынакты ийгиликтүү тапшыруу үчүн мыкты даярдыктарды көрүү керек экени айтылып, келечекте туура кесип тандоосу үчүн бир топ кеп-кеңештер берилди.
К.Кимсанов аларга жалпы республикалык сынакта жогорку баллдарды алууну каалап, ал үчүн күн-түн дебей даярдык көрүүгө чакырды. Жыйындын жүрүшүндө таланттуу окуучулардын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Иш-чарага аталган башкармалыктын кызматкерлери, мектеп мугалимдери жана мыкты окуган 150 окуучу катышты.