Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк "Кумтөр" кенин улутташтырбоону жактырып, акыркы чечимин кийинки аптага калтырды. Коалициянын бирдиктүү чечимге келбегенине улутташтырууну сунуштап келген "Ата Мекен" фракциясынын өз ичинде кеңешпөөсү себеп болду. КСДП менен "Ар-намыс" фракциялары "Ата Мекенге" чечимин чыгарууга бир апта берди.
Мындан тышкары коалиция өкмөттүн "Центерранын" Директорлор кеңешин отставкага кетирүү боюнча позициясын колдоп, талапкерлер менен терең таанышуу боюнча тапшырма берди.