"ЭЛДИК КАБАРГА" чыккандан кийин милиция бөлүмүнүн чатырында эскилиги жетип, айрылып калган желек жаңыртылды

"ЭЛДИК КАБАРГА" чыккандан кийин "Дордой" базарынын чыгыш тарабында жайгашкан милиция бөлүмүнүн чатырындагы эскилиги жетип, айрылып бүткөн желек алмаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев SUPER.KG порталына билдирди. Казабаев айрылып калганча илинип турган бул желек милиция бөлүмүнө тиешелүү эмес экенин айтты. “Туура, ошол желек илинип турган имараттын бир бөлмөсүндө Бишкек шаарындагы Свердлов райондук башкармалыгынын милиция бөлүмү жайгашкан. Бирок имарат аталган райондун муниципалдык кызматына тиешелүү. Ал жерде оорукана, стоматология бар. Ага карабастан бүгүн милиция бөлүмү желекти жаңылап койду”,- деди Казабаев.

Айта кетсек, бүгүн окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына милиция бөлүмүнүн чатырында эскилиги жетип, айрылып бүткөн желек илинип турганын маалымдаган. Окурман Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги мындай абалда илинип турганына бир канча жыл болуп калганын айтып, нааразычылыгын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
jamilya03
2015-04-18 00:14:46
ичинер катып калсада Бакиевден коргуло
+2
kobra86
2015-04-18 01:32:58
Акбарга кошулам смартфонду ошол окурманга бергиле
+1
zezim2000
2015-04-18 13:01:13
kobra86,менда ошонтип ойлойм
0
Nuranna_93_kg
2015-04-18 01:45:03
Patriot dep ushul kabarchyny aitsa bolot azamatsyn.Jogorudagylar aityp otkonundoi baigeni ushul jigitke berinizder...
0
sabyr1977
2015-04-18 01:50:44
Олжобай байке кандайсыз?ден соолуктар жакшыбы?сиз менен бир байланышып сюрприз кылайын дедим еле.жакшы еле сырдаш ининиз болом.Азыр россиядамын.
0
begai93
2015-04-18 03:01:29
Кудай аай кайсы беттери менен чирип жарымы калганча журушту!бечара желекти коруп боорум ооруп кетти ( Уят уят уят!!!
0
banda-312
2015-04-18 03:11:26
Чын эле смартфон койулса бергилечи эн жакшы кабар болду .
0
nur1996
2015-04-18 04:50:32
men da koshulam smartfondu ushul adamga berish k.k myndan kiinki ishinerge da ulgu bolot! !!!
+3
kerakg
2015-04-18 10:32:34
Бул да болсо Кыргыз желегине намысына болгон кайдыгерлик, бирок жакшы сабак болуптур көпчүлүккө, ошондон жогорудагыларга кошулам авторго смартфонду.
+1
kerakg
2015-04-18 10:36:41
Ой тобоо эски желек ушунчалык жармысы айрылып түшүп калса да ЧИНовниктер көрбөптүр да.
0
Kalin466
2015-04-18 11:37:06
кыргыздар деги моюнубузга алып,кечирим сурап коюшту билбейби3,дайыма бироого оодара салганга машбыз.
0
zezim2000
2015-04-18 12:59:49
кечиресин админ менин жазган коментим корунбой жатат,тушундуруп беринчи
0
admin_portal
2015-04-20 10:33:07
zezim2000, саламатсызбы!
Кайсыл жакка жаздыңыз эле?
0
baba.
2015-04-18 14:19:25
ватсаптын чыкканы жакшы болбодубу.корунбой билинбей жургон нерселер ачыкка чыгат.жаштар аракет кылгыла иштебей креслодо отургандарды иштетелик биргелешип.
+1
dina
2015-04-18 15:54:17
менден да бир добуш ушул кабарды жөнөткөнгө)))
0
Jigitchem
2015-04-19 01:59:22
олду го ДАДЫН
0
Ulik_89
2015-04-20 09:28:47
Супер Инфо Азаматсыздар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан