Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 18-апрелде президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 12-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - банктык кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө шарт түзүү, калк жана ишканалар үчүн аманаттардын жана инвестициялардын жаңы альтернативалык инструменттерин калыптандыруу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.