Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында облустук семинарга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мектептин директору Исабек Дыйканов билдирди.
Анын айтымында, айылдагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектепте 28-апрелде “Окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө жаңы маалымат технологияларынын ролу” деген темада облустук семинар өтөт. Семинардын алкагында интерактивдүү такталар менен ачык сабактар өткөрүлөт.