Бүгүн Садыр Жапаров ЭКУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Саммиттин темасы – "Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы" деп аталат.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Ооганстан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

Тараптар уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.

"Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган "Айкөл Манас" мектебинин расмий ачылышы болот",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан