Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында өкмөт 2014-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берип жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар студенттер жогорку окуу жайларда бакалавриатты бүтүргөндөн кийин кандай статуска ээ боло алышарына кызыгышып, министр Эльвира Сариевадан "Алар окуу жайларга мугалим катары жумушка орношо алышабы?" деп сурашты. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бакалавриаттын бүтүрүүчүсүнүн мектепте мугалим же жогорку окуу жайда окутуучу болуп иштөөгө акысы бар экенин билдирди.
Айта кетсек, өлкөдө жогорку окуу жайлардын көбүндө бакалавриат (4 жыл) жана магистратура (2 жыл) деп бөлүү 2011-жылдан тарта башталган.