28-апрелде Ош шаарында Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын 6-отуруму болот. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. "Жыйындын катышуучулары 27-апрелде Ош мамлекеттик университетинин иши менен таанышып, кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. 28-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болот",- деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү парламентчилер Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата Өчпөс отко
гүлчамбар коюшмакчы.