2015-жылдын 1-кварталында мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 3 миллиард 28 миллион сом жумшалды

2015-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен иш жүзүндө 3 миллиард 28 миллион 771 миң сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекеттик тышкы карыз боюнча 1 миллиард 770 миллион сом, мамлекеттик ички карыз боюнча 1 миллиард 258 миллион 700 миң сом жумшалды.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2015-жылдын 28-февралына карата 3 миллиард 597 миллион 300 миң долларды түздү. Анын ичинен тышкы карыз 3 миллиард 387 миллион доллар, ички карыз 210 миллион 300 миң доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан