Кыргыз мамлекетиндеги суу чарба объекттери сугат мезгилине 99 пайызга даяр. Айыл чарба жана мелиорация министрлигине таянсак, быйылкы сезонго карата төмөнкү иштер жасалды:
393 чакырым канал;
1168 техникалык жабдуу;
1046 суу тосмосу;
100 насостук станция оңдолду.
"Оңдоо иштери менен 1981 адам алектенүүдө, 63 экскаватор, 29 бульдозер, 15 трактор, 11 автокран, 91 автоунаа, 35 жүк жүктөп берүүчү техника иштеп жатат. Ирригациялык объекттердин даярдыгы боюнча Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычы, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Талас бассейн-суу чарба башкармалыгы боюнча рапорттор алынды",- деп билдирет министрлик.