Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясы аткарып жаткан негизги иштерди белгиледи

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, анда "Ата Мекен" фракциясынын парламенттеги ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Текебаев баса белгилеген маселелердин бири Кыргызстандагы банктар менен насыя берүүчү уюмдардын элге насыя берүүдөгү өз билемдиги. "Учурда Ош жана Бишкек шаарларында "карызга үйлөнүү той өткөрүп берем, каза болгон адамды карызга акыркы сапарга узатуу кызматын жасам берем дегендер бар экен. Айласы кетип турган карапайым адамдар ошолордон карызга акча алып, анан ал акчаны үстөк пайызы менен төлөй албай калууда. Биздин фракция бул көйгөй боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыкканбыз",- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан