Экс-министр Равшан Сабировго сот өкүмү 12-ноябрда чыгарылат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-ноябрда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурунку жетекчиси Равшан Сабировго карата өкүм чыгарат. Мамлекеттик айыптоочу Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну суранууда. Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов 12-ноябрда жабырлануучуга акыркы сөзүн айтууга уруксат берилет, андан соң судья өкүм чыгара турганын белгилейт. "Сабировдун жардамчысы Мирзахметов башында айткан сөздөрүн кийин сотто танып кетти. Азыр эч кандай далилдер жок",- деп Равшан Сабиров сотто акталарына ишеним артып турганын айтат жактоочу. Эске сала кетсек, айыпталуучу Равшан Сабиров өзүнүн актыгын айтып, тагылып жаткан айыптоолордон баш тартып келет.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан