Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева тоо боорундагы жазууларга тыюу салууну сунуштап чыкты. Анын айтымында, мындай тоо бооруна жазуу чет өлкөлөрдө жок.
"Бир топ компаниялар, саясий партиялардын аталыштары тоолорго жазыла баштады. Шайлоо келе жатат. Эми 200 партиянын баары өздөрүн ушинтип жарнамалашабы? Өкмөт тиешелүү токтом менен тоолорго жазууну токтотушу керек. Ысык-Көлгө бара жаткан чет өлкөлүк жарандар шылдыңдап жатышат. Анткени чет өлкөлөрдө мындай жазуулар жок",- деди Иманкожоева.