Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте үч эм наристе төрөлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайлар 3-июлда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келишти. Үчөө тең кыз.
Алардын салмагы – 2370 грамм, 2080 грамм, 2100 грамм.