Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-майда иш сапары менен Москвага учуп кетти. Президент Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен расмий эмес жолугушууларды өткөрөт.
Алмазбек Атамбаев 9-майда Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган жеңиш парадына, Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына да катышат.