Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин салтанаттуу түрдө куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара жаштар арасында мекенчилдик сезимди ойготуу, Ата Мекенге болгон сүйүүнү өрчүтүү, тарыхты билүү максатында өткөрүлдү. Лицейдин тарбиялануучулары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап ардагерлерге “Менин эсимде! Мен сыймыктанам!” аттуу адабий-музыкалык композицияны аткарышты. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, ооган жоокерлери, Жоокерлер энелеринин республикалык комитетинин төрайымы У.Байгубатова жана лицейдин мугалимдер жамааты катышты.