Өкмөт башчы Темир Сариев 7-майда Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Ош шаарында жазгы талаа жумуштарын аткаруу маселесине арналган селектордук кеңешме өткөрдү.
Премьер-министр өткөн жылы кургакчылык болуп, айыл чарба тармагы үчүн катаал жыл болгонун айтып: “Ошол эле учурда өз милдеттерине карата шалаакылык менен мамиле кылган учурлар да орун алгандыгын танууга болбойт”,- деди.
Өкмөт башчы эскерткендей, 2014-жылы 5,5 миллиард сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыялар берилген. “Учурда өлкөнүн айрым райондорунда жазгы талаа жумуштары боюнча коюлган пландар толугу менен жана өз мөөнөтүндө жыйынтыкталбай жатат”,- деп эсептейт Сариев. Ал белгилегендей, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө үч долбоор алкагында 1 миллиард 277 миллион сом бөлүнүп, анын 170 миллиону талаа жумуштарын аткарууга багытталган.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча жүргүзгөн ишине нааразычылыгын билдирип: “Быйыл өлкөгө 860 техника бирдиги келет, бирок азыркы күндө анын 104ү гана колго берилген”,- деди Сариев. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга техниканы лизингге алуу шартын карап чыгуу жана бул боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Темир Сариев айыл чарба продукциясынын зыянкечтерине каршы күрөшүү ишин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи: “Каржы министрлиги учурда бул максатта 10,8 миллион сом бөлгөн. Биз ыкчам түрдө бул маселени чечүүбүз керек, болбосо эгиндин көпчүлүк бөлүгү жабыркайт”. Өкмөт башчы Айыл чарба жана мелиорация министрлигине бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу жумшалышына көзөмөл кылууну тапшырды. Ал эми өкмөттүн аппаратына иштердин аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү жүктөлдү.
Премьер-министр акимдерге жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ирригациялык тутумдарды тазалоо, каналдарды реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.