"Өтө жакынкы аралыкта Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча документтерге кол коём",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы бул тууралуу 7-майда Москва облусунун Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун бюстун ачуу учурунда айтканын Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Биздин чоң аталарыбыз согуш жылдарында бири-бирине жардам берген сыяктуу кыйын мүнөттөрдө биз да бири-бирибизге жардам берүүбүз керек. Биздин тарыхыбыз жалпы жана биздин келечегибиз да сөзсүз жалпы болушу керек деп ойлойм. Мына ошондуктан кыргыз мамлекети соңку бир нече жылдан бери стратегиялык союздаш-Орусия менен тыгыз жакындашууда. Өтө жакынкы аралыкта кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерге кол коём, анткени биз ар дайым бирге болушубуз керек",- деди Атамбаев.
Бюсттун ачылышына Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв жана шаар тургундары катышты.