Талас. Тамекинин калдыгынан 4 таңгак пахта өрттөндү

Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков 7-ноябрда Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан павильондун алдындагы пахтанын өрттөнүп кеткенин билдирет. Тактап айтканда, 4 чоң таңгак пахта өрттөнгөн. Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери павильон ичиндеги товарлары менен кошо өрттөнүп кетүүсүнө жеткирбей, өрттү өчүрүп калышкан. Өрт өчүрүлбөй ташталган тамекиден улам чыккандыгы далилденди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан