Айыл чарба жана мелиорация министри: "Былтыркы кыш бизге сабак болду. Быйыл тоют арбын камдалды"

ЖКда депутат Бөдөш Мамырова Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгыз Узакбаевга кайрылып, тоют маселеси боюнча суроо салды. "Кышка даярдык бул - мешке от жагуу гана эмес. Жалпы эле азык-түлүк, тоют маселеси турат. Айтыңызчы, эгер кыш былтыркыдай суук болсо, малдын баарын кырып албайбызбы?"- деди эл өкүлү.  Ал эми министр эч кандай тоют маселеси боюнча көйгөй жаралбай турганын убадалады. "Өткөн жылдагы кыш бизге сабак болду, быйыл тоют былтыркыдан арбын камдалды. Бул жаатта эч кандай көйгөй болбойт деп ойлойм",- деди Узакбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан