"Биз" тобу 20 жылдыгына карата Бишкекте жандуу үндө концерт берет
20-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда айтылуу "Биз" тобу 20 жылдык мааракесине карата концерт берет. Бул тууралуу бизге топтун жетекчиси Бактияр Токторов билдирди. Концертке конок катары "Таалай элеси", "Максат-Баткен", "Нур", "Кеңеш" топтору чакырылыптыр. "Концертке толук курамыбыз менен катышып, бардык ырларыбызды жандуу үндө аткарабыз. Учурда катуу даярданып жатабыз. Катышуучулардын баарынан жандуу үндө ырдагыла деп талап кылуудабыз",- дейт Бактияр мырза.