Курмантай Абдиев "Тажикстандан келип, Чүйдө жашап жаткан кыргыздарга туугандарча мамиле кылыш керек" дейт

Мен эртең менен өкмөттүн өкүлүнөн "Тажикстандан Чүй облусуна келип отурукташкан кыргыздардын саны канча?" деп сурап, тилекке каршы, жооп ала алган жокмун. Короодогу малыбызды деле кечинде эсептейбиз го. Алар Тажикстандан жер которуп, Кыргызстандан туугандык жылуу мамиле издеп келген биздин боордоштор. Биз аларга эмне шарт түзүп бердик? Алардын аз өлчөмүнө гана документ берилиптир. Булардын колуна документ берип койсок, көчөгө чыкканда ошол эки барак менен эркин жүрүп калат эле. Ооруп калса ооруканага көрүнө алышпайт экен, балдары мектепке толук барбайт. Сыртка чыккандарга жакшы көңүл буруп жатабыз, эми бизге киргендерге да ошондой маани берели" деген сунуш айтты. Айта кетсек, бүгүн ЖКда өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кышка даярдык маселеси каралып жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан