Ахматбек Келдибеков "айдаганың 5 эчки, ышкырыгың таш жарат" деп өкмөттү сынга алды

Кыргызда бир жакшы сөз бар: "Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат" деген. Экономиканын абалын ойлобой туруп эле өкмөт мүчөлөрү баарын жайлайбыз деп жатышат. Экономика өнүкмөйүнчө эч бир тармакта иш алдыга жылбайт. Былтыр Казакстандан көмүрдү 23 доллардан алып келсек, аны саясатка айландырып Шадиевди баш кылып сотко жетеледиңер. Быйыл ошондой эле көмүрдү 33-40 доллардын тегерегинде алып жатабыз. Эмне үчүн Башкы прокуратура тиешелүү адамдарга кылмыш ишин козгобойт? Кышка даярдык деп жатабыз, мына, ундун баасы асмандады. 900 сомдук бир кап ун учурда 1700 сомго чыкты. Мен сунуштайм, макроэкономикалык кырдаалды талкуулап алып туруп, анан гана суроо-жооп кылышыбыз керек. Өкмөт өкүлдөрү баары жакшы болот деп жатышат, буларга тапшырма берип, бир айдан кийин текшериш керек да, аткара албаса отставкага кетириш керек",- деди Келдибеков.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан