Чүй облусунун Сокулук районунда 19-майда катуу жааган жаандын кесепетинен Сокулук дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Туу, Төш-Булак, Күн-Туу, Асылбаш жана Саз айыл аймактарында турак жайларды суу каптаган. Жалпы 8 көпүрө зыянга учураган: Сокулук дарыясындагы 4 ички көпүрө, Жыламыш дарыясындагы 2 ички көпүрө, Гавриловка айыл аймагынын Жыламыш айылынын Эшкелем каналындагы 2 ички көпүрө (1 көпүрө бузулган абалда, 1 көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен).
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына таянсак, Саз айыл аймагындагы Конуш айылында ГЭС-2 каналын оңдоо иштери аяктаган. 26-майда каналдын чет жактарын тазалап, түздөө иштерине Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунан 1 бульдозер жана 2 самосвал тартылган. Саз айылында учурда Сокулук суусунун Орто жана Кара-Коо каналдарына суу бөлүштүрүп берүүчү дамбаны оңдоо, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кызыл-Туу айыл аймагындагы Исмаил айылында канал калыбына келтирилип жатат. Жумушка 2 экскаватор тартылып, тазалоо иштери жүрдү. Таза суу менен камсыз кылуучу башкы курулманы оңдоо иштери аткарылып, жумушка жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылган. Жумуш улантылууда.