Эки баласын бычактап өлтүргөн аял психикалык ооруканада орун жок болгондуктан, дале СИЗОдо кармалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 28-майда Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту апрель айында “А.Ибраева Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканада дарыланышы керек” деген чечим чыгарган. Мындан улам ал май айынын башында Оштогу №5-СИЗОго которулган. Бирок ооруканада орун жок болгондуктан, дале СИЗОдо кармалууда.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.