Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 28-май күнү саат 13:30 чамасында республикабыздын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 15 чакырым түштүк-батышты, Сары-Таш айылынан 45 чакырым түндүк- чыгышты карай жайгашкан. 

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bishkek.kg
2015-05-28 16:12:36
АЛААХЫМ озун сакта.Элиме тынчтык бергин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан