Орусиядагы жол кырсыгынан каза тапкан жана жаракат алган кыргыз жарандарынын аты-жөнү такталды

27-майга караган түнү Псков шаарындагы Ленинград шоссесинде Мазда MPV үлгүсүндөгү жеңил унаа менен оор жүк ташуучу ДАФ ХF унаасы сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны каза болсо, 3 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнүн SUPER.KG порталына 28-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен айтып беришти.
Каза болгондор:
1. З.Тешебаев, 1983-жылы туулган;
2. М.Алимбеков, 1981-жылы туулган;

3. К.Кубанычбек, 1995-жылы туулган;

4. Ж.Тешебаева, 1974-жылы туулган.

Кырсыктан жаракат алып, Псков облустук ооруканасына жаткырылгандар:

1. К.Расулбек, 1991-жылы туулган;

2. У.Гайбулла, 1990-жылы туулган;

3. М.Мамытов, 1975-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
AFRODITA-89
2015-05-28 18:27:54
иий жаш эле пенделер экен кобу акчанын артынан болуп ататда ушунун баары
+3
sardaralay
2015-05-28 18:44:51
Уктап кеткен болуш керек узак жолдо.
+2
demo009
2015-05-28 19:25:46
кирди-чыкты украинанын айынан да,кудайым бизге тынчтык берчи.
+3
ali.88
2015-05-28 20:35:15
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Эми кырсыкда кудайым сактасын ОЗУ ото катуу журот экен украинага каттаган таксистер.
+2
jon.as
2015-05-29 07:20:01
жаткан жерлери жайлуу болсун!
+2
Lapushka15
2015-05-29 13:12:24
Тешебаев,Тешебаева бир туугандар экен да.Жаман болуптур.Ажал келсе эч кайда кача албайбыз.....
+1
uulay
2015-05-29 14:00:57
Алыста темселеп,тирилик деп журобуз.Алла озу кырсыгынан сактасын. Жакындарына сабыр тилейм
+2
Nur89
2015-05-30 12:15:29
Jatkan jailary jailuu bolsun.

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан