28-майда Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаарынын Ж.Эшимканов аттуу тургунунун аянты 100 чарчы метр турак үйүнүн чатыры жана КамАЗ унаасы күйүп кеткен. Анын кесепетинен 1993-жылы туулган Бакытбек аттуу баласы денесинен 2-даражадагы күйүк-жаракат алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бала Токтогул шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Өрттүн чыгуусуна ширетүү учурунда коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон.