Ошто алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү кармалды

Ошто алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылдын сентябрь айында 1971-жылы туулган Г.Абдисамат Б.Т. аттуу жаранды алдоо жолу менен 30 миң долларлык унаасын тартып алган. Ошондой эле 2012-жылдын июнь айында Г.Абдисамат жана белгисиз эки адам Казакстанга такси жалдашып, белгиленген жерге жеткенде күч колдонуп таксисттин унаасын тартып алышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 28-май күнү кылмышка шектүү катары Г.Абдисамат кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан