Бишкекте эс тутумун жоготкон карыянын баласы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-майдан 23-майга караган түнү "Аламүдүн" базарынан медициналык жардамга муктаж улгайган адам табылып, "Тез жардам" аркылуу шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Бирок карыя өзүнүн аты-жөнүн жана "Аламүдүн" базарына кандайча келип калганын эстей алган эмес. Мындан улам анын аты-жөнүн тактоо үчүн милиция коомчулуктан жардамдашууну суранган. Анын негизинде социалдык тармактар аркылуу тараган кабарды туугандары көрүп, баласына кабарлашкан.
Белгилүү болгондой, карыя баласы менен Сокулук районунда бирге турчу. 18-май күнү үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Ал эми райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп жаткан.