Эсептөө палатасынын аудиторуна “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Н.К. аттуу жаран жасалма документтер аркылуу жогорку окуу жайды бүткөндүгү боюнча диплом алган. Анын негизинде ал мурда эки жолу соттолгонуна карабай Эсептөө палатасынын аудитору болуп ишке орношуп, ага мамлекеттик чин берилген.
Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.