Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, англис тили кафедрасынын башчысы экзамен тапшыруу үчүн студенттен 8 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.