Бишкек-Чалдыбар унаа жолундагы жол кырсыгынан 11 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 28-май күнү болгон. Анда 55 жаштагы айдоочу унаасы менен 11 жаштагы баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.