Бишкекте “2 жаштагы баланы сабаган” деп шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
28-майдан 29-майга караган түнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда 2 жаштагы баланын катуу сабалганы тууралуу айтылган.
“Бул факт боюнча шектүү катары баланын 31 жаштагы өгөй атасы кармалды. Шектүүнүн айтымында, бала шымына заара ушатып койгондуктан, мастыгы менен сабаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды”,- деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.