Бишкекте “20 жаштагы кызды сабап, зордуктаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 28-май күнү саат 16:00 чамасында “Ататүрк” эс алуу жайында катуу сабалган 20 жаштагы кыз табылган. Ал жерге "Тез жардам" кызматкерлери барышып, кызды ооруканага алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, милиция кызматкерлери асманга ок атууга мажбур болушкан.
Алдын ала маалымат боюнча, алар социалдык тармактар аркылуу таанышып, жолугушууну чечишкен.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.