Коомчулукта Женго аты менен белгилүү
Кадырбек Досоновдун иши боюнча тергөө аяктап, сотко жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 30-майда билдирди.
Досонов “кылмышка шериктеш болуу”, “адам өлтүрүү”, “укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматкерин өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталып жатат. Тактап айтканда, "Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы
Толкунбек Шоноевди 2013-жылы өлтүрүүгө буйрук берген" деп шектелүүдө.
Айта кетсек, буга чейин "Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып, К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев кармалып, 20 жылга кесилсе, С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга кесилишкен.