Бүгүн, 30-майда саат 13:00 чамасында Бишкектеги Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталды. Кырсыктан эч ким жаракат алган жок. Фрунзе көчөсүндөгү унаа жуучу жайга Тойота Вокси үлгүсүндөгү автоунаа кирүү үчүн бурулуп жатканда Субару унаасы өз жолунда келатып капталына сүздү.