Айта кетсек, 2014-жылдын июль айында Чакиев чет элдик Ф.П. аттуу жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштап, 28-май күнү ал 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.