Жалал-Абадда жүргүнчүлөрү менен кошо Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу дале табыла элек

Жалал-Абадда 2 унаа сүзүшүп, унаалардын бири 1 жүргүнчүсү менен кошо Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Окуя болгондон көп өтпөй 1 аялдын сөөгү табылган, ал эми унаанын айдоочусу дале табылбай келет. Аны издөө иштери 31-майда да улантылып, бирок натыйжа берген жок. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдайт.  
Маалыматка ылайык, окуя 26-апрелде болуп, Бишкек-Ош унаа жолунун 267-чакырымындагы Өрүктү айылында Тойота Витц жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Хонда Фит унаасы жүргүнчүлөрү менен Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Куткаруучулар унааны суудан чыгарышканда анын ичинен бир аялдын сөөгү жана унаанын ээси Мэлис Үтүрэкеевге таандык документтер табылган. Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sergo
2015-06-01 10:46:52
эжемин кайынсиндиси менен куйо баласы кара колго товар алып келе жатышкан экен. Артында балдары калды и эженин апасы калды. Оздору кок белден болушат. Жаткан жери жайлуу болсун
+1
nur0077
2015-06-01 12:47:20
Соок табылбаса балыктарга жем болду да,1айдан ашып кетиптир,Айла жок кырсык экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан