Бишкек шаарындагы батирлердин биринен өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды

Бишкек шаарындагы батирлердин биринен өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 31-майда Чүй кең көчөсүндө жайгашкан 180-үйдүн 19-батиринен өрт чыккан. Анын кесепетинен ашканадагы 1 муздаткыч, 1 кир жуучу машина, 1 стол, 1 отургуч, 2 жыгач эшик, 1 терезе күйгөн. Ошондой эле үй ээси Жаныбек Кусеинов түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан