Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт болгон.
Бишкек шаарынын Гражданская көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры, 6 чарчы метр шыбы, 2 эшик, 3 терезе, 3 жумшак эмерек, муздаткыч, төшөктөр, кийим-кечелер жана документтер күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон.