Жайыл районунун Петропавловка айылында 12 жаштагы эки кыз көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 30-май күнү саат 13:15 чамасында болгон. Анда 12 жаштагы эки кызы Шевченко көчөсүндө жайгашкан көлмөгө чөгүп кеткен. Ал жерге барган куткаруучулар Сезим Кочкорбаева (2003) жана Грузин кызы Таттыбүбүнүн (2003) жансыз денелерин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.