Баткен районунда катталган катуу шамал 3 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал 29-май күнү саат 18:30 чамасында катталган. Анын ылдамдыгы секундасына 23-26 метрге жетип, Ак-Татыр айылында 1, Үч-Дөбө айылында 1, Капчыгай айылында 1 турак үйдүн чатырын учурган. Мындан улам келтирилген чыгым 42 миң сомдон ашкан.