Сокулук районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 29-май күнү Бишкек – Ош унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Анда 33 жаштагы айдоочу Субару Форестер унаасынын рулун башкара албай калып жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу каза таап, 28 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилген.