Бишкекте каракчылык фактысы боюнча жалган маалымат айтып, 75 миң сомду жашырууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-май күнү милиция кызматкерлерине суусундуктарды сатуу менен алектенген 27 жаштагы экспедитор кайрылган. Анда ал Фучик көчөсүндө белгисиз адам бычак такап, 75 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Бирок иликтөө иштеринин жүрүшүндө экспедитор каракчылык фактысы боюнча жалган маалымат айтканы жана суусундук өндүргөн ишканага болгон 75 миң сом карызын ушундай жол аркылуу жабууну чечкени аныкталган.