Орусияда жол кырсыгынан кыргыз мамлекетинин үч жараны каза болуп, бешөө жаракат алды

Орусиянын Москва шаарынын четиндеги Киев шоссесинде 31-майдан 1-июнга караган түнү ВАЗ-2114 минивэн унаасы менен оор салмактагы жүк көтөрүүчү жол кызматынын унаасы сүзүшүп, андан кыргыз мамлекетинин үч жараны каза болду. 
Орусиядагы массалык маалымат каражаттарынын 1-июнда жазып чыккан маалыматына таянсак, кырсыктан кыргыз мамлекетинин дагы беш жараны жаракат алган. Каза болгондордун арасында 14 жаштагы кыз бар болгону айтылды. Каза болгон жана жаракат алгандардын баары унаадан чыгарылып, жаракат алгандар ооруканага жиберилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bektur2
2015-06-01 15:28:48
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Айланайын алыста жургон тугандар аркы беркиден олак болгулачы.
+1
princessa
2015-06-01 15:50:49
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Кече күнү ушул авариянын жанынан өткөнбүз. Аман болушса экен деп тилендик эле...
+1
kg-zzzzz
2015-06-01 16:34:46
Машина коп жерде он рулдуу машинаны ото кылдаттык менен айдаш керек бул жкр кыргызстан эмес. Жаткан жерлери жайлуу болсун тируу калгандарга аллахым шыпаасын берсин
+1
Saribulak
2015-06-01 17:36:10
kg-zzzzz, он руль эмес эле ваз 2114 деп туратго... жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Aselina_kg
2015-06-01 17:21:23
Кудайым аай кырсыктан алыс эле кылчы элимди
Абайлап жүрөлөчү туугандар!
Көзү өткөндөрдун бейиши болсун!
Жаракат алгандар айыгып кетсин
+2
baba.
2015-06-01 17:42:41
Эмне болду Кыргыз элиме...акыркы убакта авариядан олгондор коп болуп кеттиго...жайы жаннаттанболушсун.
+1
gooool
2015-06-01 17:58:43
Жайлары жаннаттан болсун!!!...Украинага кирди чыктыга бара жаткандар дан окшойт.Ушуну менен бир айда эле экоо болду окшойт,кудай сактасын.Мен да эки жолу бардым,чынын айтсам айдоочулар жакпайт,мен такыр уктабайм жолго чыкканда,эй шашпа,уктап алдеп айтып жатып барып келем,чынын айтсам жолдон чыгып кетип жатканда ойготкон кундор болду,акырын,абайла,уктап ал,шашпа десен эшшектер жаман корушот.Айдоочуларга биртке сабак отуш керекпи билбейм,баары эле кыйын бир демке десен......
+3
gooool
2015-06-01 18:14:14
Ушул жерден Украинага каттаган таксилерге айтаарым,шашпагылачы,уктап,абайлап каттагылачы бай болгурлар,3-4 саат эч теке болбойт кеч келип же кеч жетсенер,корондоп кыйын болбой биртке кичи пейил болгулачы,кардарынарды уккулачы...бир соз менен айтканда аябай кооп кеттинер да...баарын эмес...
+5
saru
2015-06-01 19:09:35
gooool,Туура соз,алар копкондуктон Бизди Орустар жаман коруп жатышат.Адамдын омурун акчага алмаштырбагыла,Кыбыраган кыр ашат
+3
Kalysbek19812009
2015-06-01 18:23:49
(gooool) 100% кошулам созуно!
+3
saru
2015-06-01 19:07:58
Урматтуу мекендештер деги сак болгулачы.Ушул айдын ичинде эле чет жердеги жол кырсыгынан канчасы каза болду.Жаткан жерлери жайлуу,топурагы торко болсун
0
bazar
2015-06-01 19:09:12
Эмне бале! Россияда эки машина сүзүшсө деле өлгөндөр жаракат алгандар, кыргыз жараандары болуп жатат да? Орустар кубалап черный списоко киргизгенинин жөнү бар тура.
+1
Bors
2015-06-01 19:23:42
bazar, тообо кылдым десен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан