Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү жерге берилди

Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон 4 кыргыз жаранынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 1-июнда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, каза болгондордун сөөгү 29-майда кыргыз жерине алынып келинип, 30-майда жерге берилген. Ал эми ооруканадагылардын бири үйгө чыгарылып, экөө дарыланууда экени айтылды. 
Айта кетсек, 27-майга караган түнү Орусиянын Псков шаарындагы Ленинград шоссесинде Мазда MPV үлгүсүндөгү жеңил унаа менен оор жүк ташуучу ДАФ ХF унаасы сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны каза болсо, 3 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynara81
2015-06-01 17:41:41
Жайлары жаннаттан болсун. Аллахым калгандарыбызды бөөдө кырсыктан сактасын!
+5
Gulgamal
2015-06-02 00:55:11
Жаткан жери жайлу болсун,аллахым калгандарына ден соолук бер,батырак айыгып кетишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан