1-июнда Орусияда жол кырсыгынан каза болгон жана жаракат алган кыргыз жарандарынын айрымдарынын аты-жөнү такталды

Орусиянын Москва шаарында, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 2015-жылдын 1-июнунда Москва убактысы боюнча саат 04:00 чамасында М-3 Украина трассасында Тойота Альфард үлгүсүндөгү минивэн унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Каза болгондор:

1. 1978-жылы туулган В.А.Аветисян, Кыргыз Республикасынын жараны;

2. 1975-жылы туулган Е.А.Исакова, Кыргыз Республикасынын жараны;

3. Азиат улутундагы өздүгү такталбаган 1 аял жана 1 эркек.

Жабыркагандар:

1. 32 жаштагы Ш.К.Исаева, шаардык Боткин ооруканасында;

2. 23 жаштагы Т.К.Масалиев, шаардык №1-ооруканасында;

3. 48 жаштагы Д.У.Исмаилова, шаардык №1-ооруканасында.

Жабыркагандардын жарандыгы такталууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aydarken
2015-06-02 11:17:37
Уктап кеткенго айдоочу,шу Украйинага чыгып келиштен да коркуп калдым
0
aismiris
2015-06-02 19:59:16
aydarken, уктап кетпесе керек эле, мкаддан 3 эле км чыгып уктап кетпесе керек
0
Aksy-13
2015-06-02 12:13:18
чет жердеги туугандарды Аллахым озун сактай гор аларды зарыгып, сагынып куткон жакындарына аман эсен кайтышына колдоо корсото кор ылайым!!! Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун, жабыркагандарга шыпаа тилейм!!!
+4
suiuktuujar
2015-06-02 15:09:34
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Жабыркагандардын шпаасын берсин.
0
tynara81
2015-06-02 19:52:41
Украинага чек арадан өтүп келүү үчүн барчу унаалардын кырсыкка учурашы көп катталууда. Аларды уккан сайын жүрөк ооруйт. Аллах бөтөн жерде жүргөндөрдү ушундай кырсыктардан сактасын! Эки жолу Украинага чыгып келдим ушул жылы, кудайлап барып келдик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан